Ош облусуна 200 млн сом бөлүндү

Автор

Ош облусу боюнча 2023-жылдын 12 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 148,6 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
теңдөөчү трансферт – 129,6 млн сом;
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 11,3 млн сом;
электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 7,7 млн сом;
Мындан тышкары, Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 51,4 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпысынан каржыланган сумма 200 млн сомду түзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: Жеке медициналык мекемелер томографиянын баасын төмөндөттү

Жеке адистештирилген медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан карапайым калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кароо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен, баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, медициналык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү […]

Сизге жагышы мүмкүн