Парламент Конституциялык соттун өзүнүн чечимдерин кайра кароону караган мыйзам долбоорду жактырды

Автор

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

 

Демилгечи – КР президенти.

 

Конституциялык мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Ал белгилегендей, Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

 

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

 

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

 

3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

 

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору КР Конституциясына карама-каршы келерин баса белгилеп, конституциялык соттун чечимдери кайра каралбашы керектигин айтты. Депутат Мейкинбек Адалиев Кыргыз Республикасынын Президенти жана Конституциялык соттун төрагасы сыяктуу эле Жогорку Кеңештин Төрагасына да Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын берүү маселесине көңүл бурду. Ал эми, депутат Медербек Алиев бул маселе Конституциялык соттун “матчество” боюнча акыркы кабыл алган чечимине байланыштуу экендигин айтып, соттун чечимдерин кайра кароо мүмкүндүгүн кошумчалады.

 

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери басылып чыгат

Быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп. 2022-жылы 123 миң китеп басылган. «Басылган китептер бекитилген графикте мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт»,-деп […]

Сизге жагышы мүмкүн