Ошто 350 млн сомго бааланган жер тилкеси кайтарылды

Автор

Ошто 350 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен  билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер тилкелер муниципалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында кайтарылган.

2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Лима-Текс” ЖЧКсына (азыркы “Ак-Текс” ЖЧКсынын ээси) Ош шаарынын Привокзальная көчөсү, №101 “А” дареги боюнча жайгашкан 2,83 гектар жер тилкеси убактылуу колдонууга берилген.

Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 2023-жылдын 15-ноябрындагы материалдарынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирди.

Баалоо корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы кылмыш жасоо учурунда 350 миллион сомду түзгөн, бирок азыркы учурда базар баасы боюнча 800 млн сомго жетиши мүмкүн.

УКМК жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акыркы оюн”: Месси менен Роналду футбол талаасында жолугушат

21-кылымдын эки эң күчтүү футболчусу аргентиналык Лионель Месси менен португалиялык Криштиану Роналду 2024-жылдын февраль айында футбол талаасында жолугуша алат. Америкалык “Интер Майами” менен Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунун жолдоштук беттешин өткөрүү боюнча келишим түзүлдү. 37 жаштагы Лионель Месси ойногон “Интер Майами” менен 38 жаштагы Криштиану Роналду ойногон “Аль-Наср” шейшемби күнү гана […]

Сизге жагышы мүмкүн