“Акыркы оюн”: Месси менен Роналду футбол талаасында жолугушат

Автор

21-кылымдын эки эң күчтүү футболчусу аргентиналык Лионель Месси менен португалиялык Криштиану Роналду 2024-жылдын февраль айында футбол талаасында жолугуша алат. Америкалык “Интер Майами” менен Сауд Аравиянын “Аль-Наср” клубунун жолдоштук беттешин өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.

37 жаштагы Лионель Месси ойногон “Интер Майами” менен 38 жаштагы Криштиану Роналду ойногон “Аль-Наср” шейшемби күнү гана беттешүүнү макулдашты. Бирок басма сөз буга чейин дүйнөлүк футбол жылдыздарынын жолугушуусун “акыркы бий” деп атаган.

“Акыркы бий” аталышын Сауд Аравиясынын  башкы көңүл ачуу башкармалыгынын төрагасы Турки Аль-Шейк ойлоп тапкан. Анда  Месси менен Криштиану Роналду экинчи жолу жолукпай калышы мүмкүн экенин кыйытууда. Жолугушуу Эр-Риядда өтөт. Беттештин датасы такталууда.

Эске салсак, Лионель Месси менен Криштиану Роналду акыркы жолу 2023-жылдын январь айында талаада жолуккан. Месси оюнчу болгон ПСЖ Эр-Рияддын курама командасы менен ойногон. Париждиктер 5:4 эсебинде жеңишке жетишти. Месси бир, Криштиану Роналду эки гол киргизген.

Бөлүшүү:
Next Post

23-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,   Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,   Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн