Орхан Инандынын жактоочусу Жогорку инстанцияларга кайрылат

Автор

Түркиянын жазык иштери боюнча Жогорку соту ушул жылдын 16-июнунда «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны 21 жылга эркининен ажыраткан чечимин чыгарган. “Бирок, мамлекеттик айыптоочулар келтирген жүйөө далилденбегендигине байланыштуу биз кайра мындан дагы жогорку инстанцияларга кайрылып жатабыз. Анткени, чечимге таптакыр макул эмеспиз”,- деп билдирди анын жактоочусу.
Жактоочу белгилегендей, Орхан Инандынын ден соолугу жакшы. Кыргызстанга салам жолдоп, окуучуларды билим күнү менен куттуктаган. “Ак ийилет бирок, сынбайт. Мен өзүмүн актыгымы далилдегенге чейин укуктук талаада күрөшөм. Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамын чын дилимден куттуктайм”,- деген ал.
Белгилүү педагог, Кыргызстандын атуулу, “Даңк” орденин ээси Орхан Инанды Анкара шаарындагы Синжан түрмөсүндө 2 жылдан ашык убакыттан бери кармалып турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Калк саясаттын куралына айланбайт

“Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаровдун Орусия жана Казакстандагы тарапташтарын тукурган, аларды үндөгөн чакырыктар соцтармактарда байма – бай чагылдырылууда. Кыргызстанды атайын кимдир бирөөлөр дестабилизацияга алып келүүгө аракет кылып жатышабы? Мындай абалды жараткысы келгендер УКМК нын көк союлунан кутулалбайт. Андыктан, Адахан Мадумаров укук жолу менен актыгын далилдегичекти азгырыктарга алданбаган жакшы деген пикир […]

Сизге жагышы мүмкүн