Орус истребителдери учкучсуз учакка тийген эмес

Автор

Америкалык учкучсуз учак Кара деңиздин үстүндөгү аба мейкиндигинин чек арасын бузду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда окуя 14-мартта, эртең менен Крым аймагында болгон. Анда өчүк транспондерлери бар учкучсуз учак Россиянын чек арасы багытында учуп жүргөн. Аны байкаган абадан коргонуу күчтөрүнүн нөөмөттөгү истребителдери абага көтөрүлгөн. Кескин маневрлердин натыйжасында америкалык учкучсуз учак бийиктигин жоготуп, сууга кулап түшкөн. Орус истребителдери курал колдонушкан эмес жана учкучсуз учакка тийген эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбек президент жолдорду текшерип жүрөт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев жол курулушунан жооптуу кызматкер менен кээ бир аймактардын жолдорун өзү текшерип чыкты. Ал рулда баратып, жанындагы кызматкерге “дайыма жолдорду өзүң гана текшерип чыгышың керек. Ошондо чындык эмне экенин билесиң. Башка бирөөгө дайындасаң, ал баары жайында деши мүмкүн. Маселен, экөөбүз жүргөн бул жолдо жүрүүгө болбойт”, -деген. Анын […]

Сизге жагышы мүмкүн