Зеленский: “Путинге же Москвага кол салган жокпуз”

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин Россиянын президентинин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учак менен сокку уруу аракетине эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
«Биз Путинге же Москвага кол салган жокпуз. Биз өз аймагыбызда аскердик операцияларды жүргүзүп жатабыз. Биз айылдарыбызды жана шаарларыбызды коргоп жатабыз»,-деди Зеленский расмий сапар менен Хельсинкиде өткөн маалымат жыйынында.
Буга чейин РФ президентинин басма сөз кызматы Украина 3-майга караган түнү дрондордун жардамы менен Россия Федерациясынын президентинин Кремлдеги резиденциясына сокку урууга аракет кылганын билдирген. Маалыматка ылайык, чабуул жасаган учкучсуз учактар ​​иштен чыгып, Кремлдин аймагында эч ким жабыркаган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулууга ак тилектер айтылууда

Кыргызстандык спортчу, Азиянын төрт жолку чемпиону, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-майда 30 жашка толду. Анын күйөрмандары, достору, жакындары соцтармак аркылуу спортчу кызды куттуктап жатышкан чагы. Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн.  Ал үй-бүлөдө бир туугандардын төртүнчүсү. Эки эжеси, агасы жана […]

Сизге жагышы мүмкүн