Бүгүн «Мейкин Азия» фестивалы башталат

Автор

Бүгүн, 18-августта Чолпон -Ата шаарында III эл аралык «Мейкин Азия» фестивалы старт алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен 18-жаштан 35 жашка чейинки талантуу жаш эстарда ырчылары катышат.

Иш-чаранын жүрүшүн КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы 3 күн бою жеринде түз алып көрсөтөт.

Фестиваль үчүнчү ирет Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси иштен кетти

Кеңешбай Тайлаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.   Маалыматка ылайык, Тайлаков өзүнүн берген арызынын негизинде жумуштан бошотулган.   Тайлаков 2013-жылдын июнь айынан 2021-жылдын апрелине чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болгон. […]

Сизге жагышы мүмкүн