Кыргызстандан 230га жакын абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

Автор

Кыргызстандан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле КРнын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын иши уюштурулган.

КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттеринин кесипке багыт берүү иштерин жайылтууга көмөк берүүсүн улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

13-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, […]

Сизге жагышы мүмкүн