Орусиялык балбандарга Эл аралык мелдештерге катышууга уруксат берилди

Автор

“Бирдиктүү күрөш дүйнөсү” (UWW) орусиялык спортчуларды эл аралык мелдештерге катыштыруу чечимин кабыл алды. Ал үчүн Эл аралык Олимпиада комитетинин шарттарын аткаруусу керек.

Мындан ары орусиялык балбандар эл аралык мелдештерге бейтарап статуста катыша алышат. Бул тууралуу Орусиянын курама командаларынын спорттук даярдоо борборунун (FGBU TsSP) директору Георгий Брюсов өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Ошондой эле, күрөш боюнча “Бирдиктүү дүйнө” аткаруу комитетинин жыйынында укук коргоо органдарынын атынан келген спортчуларга карата критерийлерди жумшартуу чечимин кабыл алды. Россиянын жана Белоруссиянын жаштар курамаларынын спортчуларын аскердик уюмдар менен байланышы текшерилбейт;

Россиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили ТАСС агенттигине  спортчуларга эл аралык аренага чыгууга уруксат берүү чечимин ырастады. Орусия менен Беларустун балбандары эл аралык мелдештерге качан катыша алары азырынча белгисиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Абдыганы Эркебаев кызматын тапшырып берди

Экс-спикер Алманбет Матубраимов Кыргызстан калкынын ассамблеясына төрага болду. Буга чейин бул кызматты академик Абдыганы Эркебаев ээлеп турган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн