Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартылат

Автор

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди.
Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат.
“Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү карап жатабыз. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам жумуштун көлөмү көбөйгөндүгү менен байланыштуу. Ошондой эле оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн анын мөөнөтүн көбөйтүү зарыл”, — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 7-февралга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.40 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 43 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн