Окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV туру башталды

Автор

Бүгүн 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январь саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 09:00го чейин жайгаштырылат.
Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.
Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Курманбек Бакиевдин керээзи

“Мен азырынча Кыргызстанга келбейм. Бир гана өтүнүчүм, эгер Белоруссияда көзүм өтүп кетсе, Сузакка атамын жанына көмүлгүм келет”,- деп билдирген экс-президент Курманбек Бакиев. Ал мындай керээзин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге былтыр кыргыз президенттеринин Дубайдагы жолугушуусунда айткан. Белгилүү болгондой, мындай маалыматты президент Садыр Жапаров 7-апрель окуясынын жабырлануучулары менен болгон жолугушуусунда билдирген. Өлкөдө […]

Сизге жагышы мүмкүн