Бишкекте Нооруз майрамдык иш-чара салтанаттуу башталды

Автор

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара башталды.
Майрамдык салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, шаар тургундары жана президент Садыр Жапаров жубайы Айгул Жапарова менен катышууда.
Иш-чаранын расмий бөлүгү саат 09:00дө башталды. Ал эми саат 13:00дөн баштап улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.
Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кадырлуу калайык-калк! Алыс-жакында жүргөн урматтуу мекендештер! Биз – ар дайым кечээги өтмүшүбүзгө сереп салып, кылымдарды карытып келген ата-баба мурастарына кастарлап сый мамиле кылган элбиз. Байыркы бабаларыбыз жаздын келишин жандануунун башаты, жыл ажыраган күн […]

Сизге жагышы мүмкүн