Окусаң, “Сапатта” оку!

Автор

Өлкөдөгү билим берүүнүн фрагманы аталган “Сапат” билим берүү мекемелери калктын үмүтүнө айланууда. Эл аралык билим олимпиадаларында алтын, күмүш жана коло медалдарды багындыргандар “Сапаттын” окуучулары экендиги мекемеге сыймык алып келди. Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Сапаттын” Эл аралык жеңүүчүлөрүн сыйлап, билим берүү тармагына кошкон салымына ыраазычылыгын билдирди.

Ата-энелер жана жалпы эле Кыргызстандыктар “Сапаттагы” билим берүүнүн жаңыча ыкмаларына, окуу куралдарынын жетиштүүлүгүнө, тарбиячылардын инновациялык технологиялар аркылуу сабак окуткандыгына, педогогикалык жетишкендигине ыраазычылык билдиришүүдө.

Кимдер эмне дешти?

К. Омаров, ата эне:

– “Сапатта” кызым жана балам окуйт. Булардын тарбиясы, сабак окутуу стили башкача. Ийгилик каалайм.

Г. Өмүрова, ата-эне:

– Баламы бергенбиз, олимпиадагы катышып жатат. Жакшы окутушат.

Н. Маматова, ата-эне:

– Балдар, кыздарым “Сапаттан” окуп, бүтүп кетишти. Азыр Москвада Жогорку окуу жайда окуп жатышат. Дагы окугандары бар. Буларда окугандар башка мектептерге алымсынбай калышат турбайбы.

Б. Полотов, жумушчу:

– Каражатына карабай баламы ушуларда окутуп жатам. Тамактарын да жакшы беришет экен. Бизде шарт болбоду, эми балдарыбыз “Сапатта” окуп, жакшы кесиптин ээси болсун деген тилек.

М. Исакова

Бөлүшүү:
Next Post

Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар 50гө жакын бажы кызматкери  иштен алынды

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “мыйзамдагы ууру” аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды. Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 50гө жакын бажы […]

Сизге жагышы мүмкүн