Окумуштуулар Айдын жашын аныкташты

Автор

Окумуштуулар Айдын жашы эң аз дегенде 4,46 миллиард жыл экенин, мурда ойлогондон 40 миллион жыл улуу экенин аныкташты. Изилдөөлөр Geochemical Perspectives Letters журналында жарыяланды.
Окумуштуулар 1972-жылы Аполлон 17 миссиясы учурунда табылган Ай тектеринин үлгүсүн атомдук зонд томографиясынын жардамы менен изилдешкен. Алар Айдын ичинде табылган минералды изилдеп, атомдордун 3D картасын түзүшкөн. Кристаллдын түзүлүшүн талдоо менен окумуштуулар Жердин спутнигинин жашын аныктай алышты.
Басылманын маалыматы боюнча, окумуштуулар мындай жыйынтыктарды 2021-жылы эле алышкан, бирок илимий коомчулуктун сынына кабылышкан. Андан кийин алар иондук зонддун жардамы менен изилдөө жүргүзүп, натыйжаны тастыкташты.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖРТга онлайн каттоонун бүтүшүнө 3 күн калды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн