ЖРТга онлайн каттоонун бүтүшүнө 3 күн калды

Автор

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Ведомстводон кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга гана уруксат берилерин эскертет. Ал эми 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт.

 

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

 

Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;

ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Онлайн каттоо боюнча сурап-билүү номерлери: (0312, 0502, 0500, 0550, 0770) 66-48-38.

Бөлүшүү:
Next Post

Пашинян менен Алиев убакыттын жоктугунан жолукпай калды

Армения менен Азербайжандын лидерлери Никол Пашинян менен Илхам Алиевдин октябрдын аягында Брюсселде пландалган жолугушуусу болбой турганын Евробиримдиктин Түштүк Кавказ боюнча атайын өкүлү Тойво Клаар билдирди. Буга чейин Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель, Франция менен Германиянын лидерлери Эммануэль Макрон жана Олаф Шольц Гранадада Армениянын премьер-министри Пашинян менен жолугушкан. Бул жыйынга Азербайжандын президенти […]

Сизге жагышы мүмкүн