Нөшөрлөп жамгыр төгөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Автор

Кыргызстандын аймагында 6-9-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Кырсык катталган учурда “112” кызматына чалуу зарылчылдыгы эскертилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалпы республикалык тестке каттоо 6-апрелде аяктайт

Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.   Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.   Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер: паспорт (же, паспорт ала элек болсо, туулгандыгы жөнүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн