Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Автор

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 3-октябрда орун алып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев алгач Николас Боулерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктады.

“Сиздин өмүр баяныңыз тууралуу маалымат алып жатып, биздин чөлкөмдө жетиштүү тажрыйбага ээ элчи экениңизди билдим. Андыктан, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздүн алкагында эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетип, байланыштарыбызды арттырасыз деген ишеничтемин. Айрыкча, билим берүү тармагы боюнча жигердүү иш алып барып, кыргызстандыктардын Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынан билим алуусуна керектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөсүз деген үмүттөмүн”, – деди Төрага.

Андан тышкары, Кыргызстан Улуу Британия менен бардык багыттагы алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирген төрага элчиге ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолгон Нурланбек Шакиев бул жаатта да тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашуу зарылчылыгын кошумчалады.

Ошондой эле жолугушууда соода, туризм, айыл чарба, энергетика, жарандарды ишке орноштуруу жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленип, Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз тарап туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер айтылган бардык маселелер маанилүү экендигин айтып, элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө да өзгөчө басым жасарын билдирди.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин ичинен кыргыз парламенти демократиялык жетишкендиктери, ачык-айкындуулугу менен айырмаланып келет”, – деди элчи.

Баарлашуу учурунда сөз эркиндиги жана улуттук коопсуздук маселелери да талкууланып, тараптар демократиялык өнүгүүдө улуттук баалуулуктар сөзсүз эске алынышы керектигин белгилешти.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиада спорт оюндары 41ден 39га кыскарды

Париж өтө турган 2024-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына  аз убакыт калды. Уюштуруу комитети спорттун 39 түрү боюнча спортчуларды кабыл алууга даярданууда. Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасында  41 дисциплина боюнча медалдар тапшырылган. Уюштуруучулар жана Эл аралык Олимпиада комитети эки жыл мурда каратэ, бейсбол жана софтбол Париж Олимпиадасынын мелдеш программасынан чыгарыла турганын […]

Сизге жагышы мүмкүн