Париж -2024: Олимпиада спорт оюндары 41ден 39га кыскарды

Автор

Париж өтө турган 2024-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарынын башталышына  аз убакыт калды. Уюштуруу комитети спорттун 39 түрү боюнча спортчуларды кабыл алууга даярданууда.

Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасында  41 дисциплина боюнча медалдар тапшырылган.

Уюштуруучулар жана Эл аралык Олимпиада комитети эки жыл мурда каратэ, бейсбол жана софтбол Париж Олимпиадасынын мелдеш программасынан чыгарыла турганын жарыялашкан. Учурда алардын ордуна бир гана жаңы дисциплина – брейк-данс болоору аныкталган.

Мындан тышкары скейтбординг, серфинг жана спорттук альпинизм сыяктуу спорттун түрлөрү Франция оюндарынын программасында калганын да белгилейбиз. Уюштуруучулардын пикири боюнча Эл аралык Олимпиада комитети дагы инклюзивдик, гендердик тең салмактуу жана жаштарга багытталган мелдештердин жаңы стандартын белгилешип, бул дисциплиналарга ставка коюп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын Куралдуу күчтөрү Зеленскийди хаки кийимин чечүүгө чакырды

Украинанын Куралдуу күчтөрү Владимир Зеленскийди хаки кийимин костюмга алмаштырууга жана мүчөлөрү уурулук менен алектенген командасындагы көйгөйлөрдү чечүүгө чакырды. “Биз  согуш талаасында өлүп жатканыбызда кээ бир лидерлерибиздин  алдамчылык жана уурулукту тандап алганына ачуубуз келип турат. Зеленский өзүнүн камуфляжын галстук жана костюмга алмаштырып, командасы менен анын айланасында болуп жаткан окуяларга баа бериши […]

Сизге жагышы мүмкүн