Нуржигит Кадырбеков бир катар жолдор жабылып калгандыгын айтты

Автор

Депутат Нуржигит Кадырбеков Алайкуу жолу боюнча маселе көтөрүп, бүгүнкү күнү калың жааган кардан улам жолдун жабылып калганына бийликтин көңүлүн бурду.
Эл өкүлү “Канкоргон, Көкарт, Кайыңталаа, Ойтал, Күйөташ сыяктуу бир канча айылдар бар. Алардын бүгүн дүйнө менен байланышы үзүлүп калды. Караташ айылынан ары жолдор ошондой эле татаал. Союз учурунда ал жакта аэропорт бар болчу. Чек арадагы аймак болгон үчүн чек ара кызматы бар эле, Ан-2 учактары учат болчу”,-деди.
Депутат облус жана айрым райондордун борборлорунда аэропортторду реконструкциялоо боюнча иш аракеттер жүрүп жатканын белгилеп, ошол тизмеге Алайкуу өрөөнүндөгү аэропортту да кошуп коюуну суранды.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкө аймагында бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди. Тизме

Кыргызстандын аймагында бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген: – Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы; – Каракол – Эңилчек унаа […]

Сизге жагышы мүмкүн