Нобель Тынчтык сыйлыгы абактагы ирандык активистке ыйгарылды

Автор

Тынчтык боюнча 2023-жылдагы Нобель сыйлыгы ирандык укук коргоочу Наргиз Мохаммадиге аялдарга карата кысымга каршы күрөшкөнү үчүн ыйгарылды. Мохаммади учурда абакта экени белгиленген.
Анын кайраттуу күрөшү чоң жеке чыгымга учуратты. Жалпысынан ал 13 жолу кармалып, беш жолу соттолуп, жалпысынан 31 жылга эркинен ажыратылып, 154 жолу камчы урууга кесилген.
Комитеттин маалыматы боюнча, быйыл Нобель Тынчтык сыйлыгына 351 талапкер ат салышкан. Алардын 259 адамдар жана 92си уюмдар.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия оюндары: Раззак Бейшекеев коло медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарында коло медаль тагынды. Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Спортчу биринчи беттеште жапониялык спортчуга утулуп, андан кийин Тажикстандын өкүлүн утту. Коло байге үчүн болгон беттеште Бейшекеев Өзбекстандын балбаны менен беттешип, жеңишке жетти. Мелдеш 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын шаарларында өтүүдө. Ага […]

Сизге жагышы мүмкүн