Туристтерге эс алганы үчүн акча төлөнөт

Wp Pw
0 0
Read Time:33 Second

Тайвандын бийлиги туризм тармагын колдоого багытталган жаңы чаралардын алкагында бул жылы өлкөгө эс алууга келген туристтерге 5 миң Тайвань доллары же 12,3 миң рубль төлөөнү карап жатат. Бул жолду быйыл алты миллионго жакын турист тартуу зарылчылыгы менен түшүндүрүүдө.

Өлкөнүн толук мамлекеттик чек аралары өткөн жылдын октябрь айында гана коронавирустук пандемиядан улам ачылган. Андан кийин Тайвань саякатчылардын ондон бир бөлүгүн  тарта албаганы белгиленген. Бийликтин белгилешинче, пандемияга чейин өлкөгө дээрлик 12 миллион адам келсе, 2022-жылы бул көрсөткүч тогуз миң болуп азайган.

Тайвандын Туризм бюросу төлөмдөр саякатчыларга келгенден кийин санариптик форматта картага которот. Эс алуучулар ал жакта жүргөндө колдоно алаарын, анын эсебинен бардык каражаттар мамлекеттин туризм тармагына кайтарыла турганын тактады.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Президенттик шайлоодо эки талапкер ат салышат

Түркиядагы 14-майда боло турган президенттик шайлоодо эки атаандаш ат салышмак болду. Алардын бири, учурдагы президент “Адилеттик жана Өнүгүү” партиясынын лидери Режеп Тайип Эрдоган. Экинчиси, оппозициялык кыймылдын лидери Кемал Кылычтар уулу. Ал Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген Республикалык Калк партиясын жетектейт.  Оппозиция 1 жылдан ашуун убакыт  9  жолу жолугушуу өткөргөн. Кемал Кылычтар […]