Криштиану Роналду 2023-жылы голдордун саны боюнча алдыга чыкты

Автор

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Сауд Арабия чемпионатынын 17-турунун алкагында “Аль-Иттихад” командасына каршы беттеште дубль киргизди.
Португалиялык футболчу эки голду тең пенальтиден киргизди. Ошентип, Роналду 2023-жылы голдордун саны боюнча алдыга чыкты.
Криштиану Роналду жыл ичинде бардык мелдештерде 53 голу бар, португалиялык футболчу Килиан Мбаппе менен Гарри Кейнди артка калтырды.
“Манчестер Сити” быйыл дагы эки оюн өткөрө турган Эрлинг Холанд (50) Роналдуну кууп жетип, ашып кетиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба ырайынан улам 300 конуш жарыксыз калды

Түндүк-Казакстан жана Костанай облустарында 300гө жакын калктуу конуштар аба ырайынан улам жарыксыз калды. Казакстан облусунда 10 аймактагы 15 миңге жакын абонент электр жарыгысыз калууда. Энергетика башкармалыгы өчүрүүнү убактылуу деп атап, оңдоого 55 бригада жөнөтүлгөнүн билдирди. Костанай облусунда 15 райондогу 115 конушта электр жарыгы жок. Костанай жана Рудный шаарларында электр жарыгы […]

Сизге жагышы мүмкүн