Мохамед Салах: Шахмат мага футбол ойноого жардам берет

Автор

Египеттин футбол командасынын жана Англиянын «Ливерпуль» командасынын алдыңкы чабуулчусу Мохамед Салах шахматты өзүнүн башкы хоббиси деп эсептейт. Ал эми оюн талаасында ага жардам берерин айтты
“Биринчиден, мен шахмат ойногонду жакшы көрөм. Экинчиден, мен дээрлик күн сайын ойнойм”, – деди египеттик Мерсисайд клубунун расмий сайтына берген маегинде.
Ошол эле учурда “Ливерпулдун” чабуулчусу өзүнүн хоббиси ага талаада жардам берерине олуттуу ишенет: “Кантип экенин билбейм, бирок бул сөзсүз жардам берет. Балким, шахмат ойноо стратегиялык жактан ойлондурар. Кээде мен шахматтын логикасында кокустукту сезем”, -деп айтты

Бөлүшүү:
Next Post

12-мартка карата аба ырайы

12-мартта өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+5, күндүз +13…+18, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн