CAFA чемпионаты июнда өтөт

Автор

Быйыл 9-21-июнь аралыгында Борбор Азия Футбол ассоциациясынын (CAFA) тарыхында биринчи жолу эркектер курама командаларынын катышуусунда чемпионат өтөт. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылууда.

Азырынча чемпионат кайсы өлкөнүн аймагында өтөрү белгисиз.

CAFA ассоциациясынын бардык алты мүчөсү – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Түркмөнстан жана Афганистан чемпионатка катыша турганын тастыктады. Турнирге Россиянын улуттук курамасы да катышат.

Уюштуруучулар биринчи CAFA чемпионатында 8 команда чүчүкулактын жыйынытыгы менен эки топко бөлүнүп ойной турганын кабарлады. Топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешет. Топтук оюндарда экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурланбек Шакиев Володин менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.   Маалыматка ылайык, жолугушуу Нурланбек Шакиевдин Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында өтүп, анда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады. Төрага […]

Сизге жагышы мүмкүн