Хабибулло Абдукадыр боюнча “Озодлик” изилдөө жарыялады

Автор

“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы Кыргызстанда чуу болгон теги кытайлык уйгур бирок, кийинчерээк Казакстан жарандыгын алган Хабибулло Абдукадыр боюнча кеңири иликтөөсүн жарыялап, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Түркия мамлекетине чейин узаган бизнес империясын, Өзбек президенти Шавкат Мирзияевдин тилин кантип тапканын, өлкөлөр арасындагы логистикалык борборлорду курууда кимдерди колдонгондугун ачыктап, анын бизнес империясынын кызматкери болгон Раимбек Матраимов жөнүндө да кеп козгогон. Изилдөөнүн негизги бөлүгүн белгилүү кыргыз журналисти Али Токтакуновдун материалдары түзөт. “Азаттык” радиосунун Өзбек кызматы Өзбекстандагы “Абу Сахи” базарынын тагдырына да кеңири токтолгон. Изилдөөдө Хабибулло Абдукадырдын кыргыз президенттери менен коюн-колтук алышкан мамилеси да жарыяланып, “адатта көмүскөдө жүргөн Хабибулло Абдукадыр кандай жол менен “Кыргыз-Өзбек” президенттеринин көңүлүн табат”,- деп собол таштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

"Аю" компаниясы мүлк фондуна өттү

“Аю” компаниясына тийешелүү болгон спирт заводдордо текшерүүлөр болуп, ИИМ тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мындай маалыматты аталган компаниянын аткаруучу директору Нурбек Нургазиев билдирди. Ал мыйзам бузуулар болгонун моюндап, заводду жана жумуш орундарын сактап калуу үчүн өз ыктыярлары менен мамлекетке өткөрүп берип жатканын айтты. “Учурда мүлк фондусу […]

Сизге жагышы мүмкүн