Стадиондордо спирт ичимдиктерин сатуу сунушталды

Автор

Россиянын футбол союзунун ардактуу президенти Вячеслав Колосков стадиондордо спирт ичимдиктерин сатуу мүмкүндүгү тууралуу айтып чыкты
Спорт аткаминери стадиондордо сыра сатууну жактаган. «Керек болсо мен арак ичүүгө уруксат бермекмин! Бирок муну маданий шарттарда жасоо керек. Стадиондо жакшы бар болушу керек, анда матчтын алдында келип, футболду талкуулап, бир-эки стакан ичип алсаңыз болот», – деди Колосков.
Вячеслав Колосков алкоголдук ичимдиктерди сатуу клубдарга жана стадиондорго акча табууга жардам берерин кошумчалады.
Эске салсак, Орусияда 2005-жылдан бери спорт аянтчаларында сыра сатууга тыюу салынган. 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жүрүшүндө сыра Орусиянын стадиондорунда уруксат берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте көк бөрү боюнча чемпионаты башталат

Бишкекте бүгүн, 17-февралда көк бөрү боюнча өлкөнүн райондорунун командалары арасында жыйынтыктоочу чемпионат өтөт. Бул тууралуу Көк-бөрү федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оюн “Ак-Кула” ат майданында өтөт. Башталышы саат 10:00дө Чемпионатка төмөнкү командалар катышат: 1. Бишкек шаарынан Четинди; 2. Ош шаары; 3. Талас облусунан Талас району; 4. Чүй обоусунан Сокулук району; 5. […]

Сизге жагышы мүмкүн