Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

Автор

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле алдын ала маалымат боюнча бүгүн, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйлөрдүн короосун каптаган.
Жериндеги кырдаалды билүү үчүн саат 9:50дө райондун акиминин орун басары, ӨКМдин Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жерине чыгып кетишти.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ тургундары аскердик колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылышууда

АКШнын полициясы дүйнөдөгү согуштарга демөөрчүлүк кылууну каалабагандарды тынчтандырууга аракет кылууда. Нааразылык толкуну Калифорниядан Нью-Йоркко чейин жетти. Эл Израилге, ошол эле учурда Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылууда. Алар «Согуш — жаман» экенин, адамдардын өлүмү үчүн төлөгүсү келбей турганын билдиришүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн