Нандын зыяны жана пайдасы

Автор

Нансыз тамактанууну элестетүү же таптакыр эле нан жебеген адамды да кезиктирүү кыйынчылыкка турат. Дегеле нандын кандай пайдасы бар жана кайсынысы пайдалуу же зыян, нанды кантип тандоо керек экенин чогуу иликтеп көрөлү.

Нандын зыяны жана пайдасы тууралуу

Нандын түрлөрү көбөйгөнү менен акыркы учурларда анын ден соолукка зыянын да белгилеп келишет. Нан жасалган буудайдын курамында А, Е, F жана В тобундагы витаминдердин топтому жана жез, магний, кобальт, цинк, хлор, натрий, кремний, марганец, калий, йод сыяктуу эң пайдалуу минералдар бар. Бирок, тилекке каршы азыркы технологиянын өнүккөн заманында мындай пайдалуу заттар дандын өзөгүндө гана болот да, нан жасоодо майдаланган учурда ал пайдалуу заттар калдыкка кетет. Пайдалуу 30 пайыз гана зат калат, ал болсо өзүнүн баалуулугун эки аптадан кийин жоготот. Ал эми курамындагы калория менен крахмал гана калат. Бул эң жогорку жана 1- сорттогу ак ундарда болот. Мындай ундан көптөгөн таттуулар жана нандын түрлөрү жасалат. Демек, биздин күнүмдүк кабыл алган нан азыктарында эч кандай жашоо үчүн күч берүүчү заты калбай калат. Болгону организмде ашыкча майларды пайда кылат.

Көптөгөн медицина кызматкерлери жана диетолог адистердин айтымында, көпчүлүк оорулар дал ошол ак нанды узак убакыттан бери пайдаланып жүрүүдөн козголот жана пайда болот. Тактап айтканда жүрөк- кан- тамыр оорулары, ашказан, ичеги органдары, эндокриндик жана онкологиялык оорулар пайда болот.

Өнүккөн өлкөлөрдүн биринде, бир аз убакыт мурун изилдөө жүргүзүлгөн. Анда, тажрыйба жүргүзүүгө орто жаштагы 60 000 айым катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында ак нанды көп жеген айымдардын басымду бөлүгү кант диабетинин өөрчүшү 3 эсе жогору болгондугу аныкталган. Ошол эле учурда кант диабетинин мындай ылдамдыкта өөрчүшү тукум куучулук, ашыкча салмактуулугу, кыймыл- аракети байланыштуу эмес, дал ошол ак нанды көп жегендиги гана таасир этээри такталган.

Демек, ак нанды ар дайым, узак убакытта пайдалансаңыз, олуттуу илдеттерге чалдыгаарыңыз айдан ачык белгилүү болду.

Кандай нан пайдалуу?

Жогоруда ак нандын зыянын окуп алып кабатырланбай эле коюңуз. Бактыга жараша пайдалуу нанды да тапса болот. Эң башкысы туура тандай билиңиз. Кара буудайдын уну кошулган нан абдан пайдалуу. Анын курамында организмге керектүү заттар көп. Ден соолукка зыяны тийбейт. Ошондой эле кебектен жасалган нандын да пайдалуулугу жогору. Организмди баалуу белок, витамин жана клечаткалар менен камсыз кылат. Иммунитетти көтөрөт. Токсиндер жана аллергия пайда болбойт. Мындан нан жеген адамдар ашыкча салмактуулук менен жабыркашпайт. Себеби, курамында көптөгөн никотин кислотасы бар. Ашказан, ичеги, гипертония, атеросклероз ооруларына чалдыгуу коркунучу азаят. Мындан сырткары, дүкөндөн нан сатып жегенге караганда үйдөн жасап жесеңиз пайдалуу жана үнөмдүү болот. Кара буудайдын жана кебектен алып нан жасаңыз жана камырды дүкөндөн сатып келген ачыткыга (дрожж) эмес, камыр ачыткыга жасаңыз. Себеби, дүкөндүн ачыткысынын зыяны көп.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент көп аял алуу жана жүзүн жабуу боюнча жазаны жактырды

Өзбекстанда көп аял алууну үгүттөө,  коомго жүзүн  жаап  чыгуу жана башка бир катар аракеттерди жасагандар жазага тартылат.  Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-октябрда кол койду. Эки же андан ашык аялдар менен чогуу жашоого көмөктөшкөн, тиешелүү […]

Сизге жагышы мүмкүн