Орозонун ден соолукка тийгизген 10 пайдасы

Автор

1) Организмдеги токсиндер чыгат

Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн тыйылгандыктан, организмдеги ички ресурстар мобилизацияланат. Бул топтолгон май жана токсиндердин (уу заттар) организмден чыгышына шарт түзөт.

2) Иммундук система жакшырат

Рамаза айындагы орозону туура кармоо иммунитетти көтөрөт. Ал үчүн орозо кармаган адам ооз ачарда жана бекитерде тең салмактуу тамактануу талап кылынат.

3) Сезгенүү жеңил өтөт

 

Орозодо тамактан баш тартуу сезгенүү процесстеринин жана псориаз сындуу аллергиялык реакциялардын азайышына, жадагалса жоголуусуна өбөлгө түзөт.

 

4) Тери жана көздүн абалы жакшырат

 

Орозо кармаган адамдын организминдеги регенеративдик процесстердин аркасы менен тери жана көз алмасы тазаланат. Орозо туткандан кийин көздүн агы тунук жана жарык болуп калгандыгын байкасак болот.

 

5) Инсулинге сезгичтик жогорулайт

 

Рамазан айында инсулинге болгон сезгичтик жогорулайт, бул – маанилүү өзгөчөлүк. Клетканын инсулинге сезгичтигинин жогорулоосу тамактангандан кийин кандагы канттын деңгээлин жакшы жөнгө салууга шарт түзөт. Албетте, бул уйку бездеги жүктү азайтат.

 

6) Жогорку кан басым төмөндөйт

 

Орозо жогорку кан басымды төмөндөтүүгө жардам берет. Орозо туткан адамдын кан басымы жогору болсо, ал Рамазан убагында нормага келет.

 

7) Тамак сиңирүү системасы эс алат

 

Рамазанда туура тамактанып, ифтарда ашыкча жеп-ичпесек, тамак сиңирүү системасы кадимкидей эс алат. Бул бир жылдык оор жумуштан кийин ичеги-карын, ашказанга тайм-аут бергенге барабар десек болот.

 

8) Ашыкча салмактан арылтат

 

9) Туура тамактанууга үндөйт

 

10) Зыяндуу адаттардан арылууга жардам берет Рамазан айында орозо кармоо жаман адаттардан жана көз карандылыктан (тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, баңгизат колдонуу) арылууга чоң өбөлгө түзөт. Орозо кармоо менен организм никотин, алкоголь, кофеин жана башка наркотикалык заттарга болгон каалоо төмөндөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды. Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгат. Белгилей кетсек, Азия […]

Сизге жагышы мүмкүн