Назым Хикметтин 100 жылдан кийинки чындыгы

Автор

Белгилүү Түрк акыны Назым Хикмет “Түрк Коммунисттик” партиясынын  өкүлү болгондугу үчүн көп жолу куугун, сүргүнгө кабылат. Ал 1938-жылы камакка алынып, 28 жыл 4 айга түрмөгө кесилет. 1950-жылы 12 жылдан кийин “амнистия” менен түрмөдөн бошойт.

Бир күнү Бурса шаарындагы түрмөгө жаңы жетекчи келет. Атагы таш жарган акынды алдыма чакырып, мазактайын деп ойлойт ал. Назым Хикметти алып келишет. Алдында турган узун бойлуу, арык, ак жуумал чырайлуу кишини таңыркап тиктеген начальник, көз айнегинин үстүнөн сүзүп карайт да, “Назым Хикмет дегендери сенсиңби? Чыгып кет”, – дейт өктөм үнү менен.

Назым баратып, “сага бир нерсе айтайынбы”,-

дейт.

“Бир жылдар өтөт. Назым Хикмет кайсы жерде түрмөгө жаткан деп сурашса, баары Бурсада деп жооп беришет. Бирок, ошол кезде түрмөнүн начальниги ким эле дешсе, эч ким билбейт. Ошондо, мен байкушмунбу же, сенби”,-деп чыгып кетет.

Бөлүшүү:
Next Post

Курма менен ооз ачуунун пайдасы

Салман Ибни Амр риваят кылды. Пайгамбарыбыз (САВ) “Эгер силердин кимдир бирөөңөр ооз ача турган болсо, курма менен ооз ачсын. Анткени, курмада берекет бар”.   “Эмне үчүн берекет бар”,- деп сурашканда:   Ага Пайгамбарыбыз (САВ) мынтип жооп берген: “Эгер адамдын ашказаны бош болсо, таттуудан башка, туз кошулган тамактарды көбүрөөк жеп алат. […]

Сизге жагышы мүмкүн