Курма менен ооз ачуунун пайдасы

Автор

Салман Ибни Амр риваят кылды. Пайгамбарыбыз (САВ) “Эгер силердин кимдир бирөөңөр ооз ача турган болсо, курма менен ооз ачсын. Анткени, курмада берекет бар”.

 

“Эмне үчүн берекет бар”,- деп сурашканда:

 

Ага Пайгамбарыбыз (САВ) мынтип жооп берген:

“Эгер адамдын ашказаны бош болсо, таттуудан башка, туз кошулган тамактарды көбүрөөк жеп алат. Эгер ашказан бош учурда таттуу менен ооз ачсаңар, анда, ал ашказанды алаксытып, тамакты көп жеп албагандын алдын алат. Кээде ашказанда эски тамактын калдыктары калган болот. Курма аны да сүрүп чыгарып салат. Эгер курма жок болсо, ошого окшогон жемиштер менен ооз ачса да болот. Маселен, өрүк, мейиз сыяктуу. Эгер аларды да таппай калышса, анда, суу менен ооз ачышсын”!

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов  “ооз ачаарда 3 хурма жесең бул да толук сүннөткө кирет”, -деп белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай лидери согушка даярдык тууралуу айтты

Кытай парламентинин жана анын жогорку саясий кеңешчи органынын март айында болгон жылдык жыйынында Си Цзиньпин согуш темасына кайрылды. Ал генералдарынан “согушууга батынууну” суранганын Foreign Affairs басылмасы жазды. Анын өкмөтү Кытайдын коргонуу бюджетин 7,2% пайызга көтөргөнүн жарыялады. Акыркы айларда Пекин аскердик даярдык боюнча жаңы мыйзамдарды, Тайвань кысыгынын аркы өйүзүндөгү шаарлардагы баш […]

Сизге жагышы мүмкүн