Назарбаевдин жакыны сегиз жылга шарттуу кесилди

Автор

Назарбаевдин жээни кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн сегиз жылга шарттуу кесилди.
Казакстандын соту Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Самат Абишти сегиз жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Жолугушуулар жабык эшик артында өттү.
Самат Абиш 2022-жылдагы январь окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп соттолгон. Абиш өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын уулу. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин академиясын жана Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын академиясын бүтүргөн. Ал 2013-2015-жылдары Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, андан кийин төраганын биринчи орун басары болуп иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Орусиялык спортчулар медалдык таблицага кирбейт

2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар медалдык таблицага катышпайт. Буга чейин Париждеги оюндарга эң көп дегенде 55 россиялык катыша турганы айтылган. Мындан тышкары Эл аралык Олимпиада комитети (МОК) бейтарап спортчулардын желегин жана гимнин бекитти. Алар жеңишке жетишсе, AIN (жеке нейтралдуу спортчулар) гимни ойнолот, деп билдирди уюм. Ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн