Мэр: Москвага жакындаган эки дрон атып түшүрүлдү

Автор

Абадан коргонуу системалары Москваны көздөй бараткан эки учкучсуз учакты атып түшүргөнүн шаардын мэри Сергей Собянин өзүнүн Telegram каналында билдирди. Москванын тургундары катуу үндөрдү угушканын айтышкан.
«Бири Домодедово аймагында, экинчиси Минск шоссесинин аймагында. Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок»,-деп жазды мэр.
Кийинчерээк эки дрон жок кылынганын Россиянын Коргоо министрлиги да тастыктады.
«Бүгүн түнү Москва облусунун аймагында Киев режиминин учкучсуз учуучу аппараттар менен террордук чабуул жасоо аракети токтотулду. Абадан коргонуу системалары эки учкучсуз учакты жок кылды. Тостурулган теракттын натыйжасында жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок»,-деп айтылат министрликтин Telegram баракчасында.
Июль айынын аягында жана августтун башында Москвага жана аймакка учкучсуз учактардын чабуулдары күчөгөн. 30-июль жана 1-августта дрондор министрликтер жайгашкан Москва Сити комплексине чабуул коюшкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу менен арыктаса болобу?

Суу бүт жандыктардын бир бөлүгү болгон даамсыз, жытсыз, түссүз суюктук. Суу жансыз жаратылыштын бир бөлүгү. Суу дарыяларда, көлдөрдө, саздарда, деңиздерде жана океандарда, ошондой эле жердин тереңинде кездешет. Атмосферада суу да бар. Суу майдын топтолушун азайтып, табитти азайтат. Тамактанууга жарым саат калганда бир стакан суу ичсе, 8 айда салмагы 1,5 кг […]

Сизге жагышы мүмкүн