Беларуссия биринчи космонавтын даярдап жатат

Автор

Беларуссия Эл аралык космоско биринчи космонавтын жөнөтүүгө даярданып жатат. Миссияны Марина Василевская аткарат.
“Мен өз өлкөм мага ишенип тапшырган бардык милдеттерди аткарууга аракет кылам”,-деп белгиледи Василевская пресс-конференцияда эксперименттердин натыйжалары Беларустун илимине жогорку түрткү берерин билдирди. «Мен станциядагы жашоону, ал жерде боло турган нерселердин баарын видеого, сүрөткө тартам. Бул уникалдуу тажрыйба элибиз үчүн абдан баалуу. Бардыгы Эл аралык космос станциясында жашоонун кандай өтүп жатканын көрүү абдан ыраазы жана кызыкдар болот»,-деп кошумчалады Василевская.
Ал экипаждын мүчөлөрүн Жерге кайтып келгенден кийин Белоруссияга чакырып, картошкадан блинчик менен сыйлоого убада берди. Ошондой эле космостон келгенде алгач апасына чалаарын айтты.
Василевскаядан тышкары негизги экипаждын мүчөлөрү Роскосмостун космонавты Олег Новицкий жана НАСАнын астронавты Трейси Дайсон болмокчу.
«Союз» кораблин учуруу 21-мартка белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

Уюлдук телефонду түнү кубаттоонун зыяны

Көптөгөн адамдар телефонун толук кубаттоо үчүн уктап жатканда коюшат. Бирок эксперттер бул телефондун батареясынын иштөө мөөнөтүн кыскартат деп ырасташат. Австралиядагы Борбордук Квинсленд университетинин профессору Ритеш Чугдун айтымында, эгер телефондор түн ичинде кубатталса, алар 4 эсе көп кубат алышат жана фондо иштеп жаткан тиркемелерден улам батареяны кайра-кайра кубаттоого аракет кылышат. Профессор […]

Сизге жагышы мүмкүн