Нооруздун майрамдык тамагы: Сүмөлөк кантип жасалат?

Автор

Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп, жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат.

Сүмөлөк коюланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат. Дагы бир ишенимге ылайык, сүмөлөктү эртең менен кашык менен эмес, чыпалактын учу менен илип ооз тийиш керек. Ошондо гана тилегиң орундалат деп айтышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучулар арасында республикалык олимпиада башталды

Бүгүн, 22-мартта мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабы (республикалык) башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Олимпиаданын ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Олимпиаданын IV этабында (республикалык) III этапта (облустук) алдыга озуп чыккан 325 окуучу төмөндөгү […]

Сизге жагышы мүмкүн