Мыйзамсыз дары-дармектердин ири партиясына бөгөт коюлду

Автор

УКМК “Ак-Тилек” өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга өтүп жаткан мыйзамсыз дары-дармектердин ири партиясын колго түшүргөн. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-январь күнү аталган пунктта “Вольво” автоунаасынан 450 куту кымбат дарылар табылган. Бирок, ага айыл чарба буюмдары деп документ түзүшкөн. УКМК дарылардын баасы 50 миллион сомдон ашык деп билдирүүдө. Учурда окуяга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо аракети жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Чыңгызхан тууралуу көргөзмөгө 200 миңдей адам катышты

Франциянын Нант тарых музейинде 2023-жылдын 13-октябрында ачылган “Чыңгызхан: Монголдор дүйнөнү кантип өзгөрткөн” аттуу көргөзмө өттү. Иш-чарага 200 миңден ашык адам катышты. Көргөзмө 2024-жылдын 5-майына чейин созулат. Ушул жылдын аягында АКШда ачуу пландалууда. 2025-жылы Швейцарияда өтөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн