Муфтият диний үгүт-насаатчылар менен жолугушту

Автор

«Имам Сарахсий» мечитинде Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин жолунда  үгүт-насаат жүргүзгөндөр менен жолугушту.

Жолугушуунун өзөгүн биримдик жана ынтымак түздү. Анда ислам дининин негизги принциптери жана баалуулуктары жөнүндө сөз жүрдү.

«Куранда момун мусулмандар бир тууган экени айтылып келген. Баарыбыздын динибиз бир, кыбылабыз бир, Кураныбыз бир, жол башчы пайгамбарыбыз бир, жолубуз бир, максатыбыз бир. Андыктан болор-болбос маселелерде бөлүнүп-жарылып, ар кандай түшүнбөстүктөргө түшүп, ынтымагыбызды ыдыратып албайлы. Бизди бириктирген баалуулуктар көп. Айталы, кандай сонун каада-салт, нарк-насилибиз бар. Жашообузда ушул нерселерге да маани берип, кийинки муунга жеткиришибиз керек», — деген ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Коргоо министри Украинага 1,3 миллиард евролук жардам жарыялады

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага 1,3 миллиард евро өлчөмүндөгү аскердик жардамдын жаңы пакетин жарыялаганын немис басылмасы Куриер билдирди.  Анда төрт Iris T-SLM зениттик-ракеталык комплекси, артиллериялык ок-дарылар камтылган. Писториус украиналык кесиптеши Рустэм Умеров жана президент Владимир Зеленский менен Киевде жолугушууда жаңы аскердик жардам пакетин билдирди. Россиянын Украинадагы аскерий операциялары башталгандан […]

Сизге жагышы мүмкүн