Депутат Балбак Түлөбаев президентке кайрылды

Автор

“Биз кайра эле эски жолго түшүп алдык. Электр энергияга болгон тарифти жогорулатып, кайра апкелип атышат, башында айтпадыңар беле, бир жолу көтөрүп койсоңор болду, кайра алып келбейбиз деп, экинчи, үчүнчү этап кыла бересиңерби”,- деди Балбак Түлөбаев.
Депутат президентке кайрылып, элдин арасында нааразычылык күчөгөнүн айтты. “Эгер эсибизге келбесек, бул билинбей жыйыла берет. Айылда кана кредитиңер деп сурап жатышат. Эгер аз үстөк менен элге кредит бере албасак мамлекеттик банктарды эмнеге кармап отурабыз? Жоюп эле салбайлыбы?”,- деп айтты комитет жыйынында. Ал өкмөткө этияттык менөн иш алып барууга чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде жер титиреди

Кыргызстандын чек арасына жакын жерде Казакстандын аймагында 1-апрелде болжол менен саат 12:14тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу коңшу Казакстандын аймагында орун алган: Жамбыл айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Мерке шаарынан түштүктү карай 30 чакырым, Кара-Балта шаарынан түштүк-чыгышты карай 58 чакырым, […]

Сизге жагышы мүмкүн