Ленин округу боюнча Дамира Ниязалиева алдыга чыкты. АСУ эсеби

Автор

Бишкектеги  №26 Ленин бир мандаттуу  шайлоо округу боюнча  добуш берүү аяктады. Автоматтык эсептөөчү урналар добуштарды 100 пайыз саналып бүттү.

Ага ылайык, Ниязалиева жалпы шайлоочулардын 35,83 пайызы же 6 242 адамдын добушун алды.

Эске салсак, саат 20:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 17 миң 423, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95%ды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт.

Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө лидерлери Эрдоганды президент болушу менен куттукташты

Түркиядагы президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган жеңишке жетти. Бир катар дүйнө лидерлери түрк саясатчысына өз куттуктоолорун жолдошууда. АКШнын президенти Жо Байден расмий Твиттер баракчасы аркылуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды кайрадан мамлекет башчы болуп шайланышы менен куттуктады. “Мен НАТОнун союздаштары катары эки тараптуу маселелер жана жалпы глобалдык чакырыктар боюнча кызматташууну […]

Сизге жагышы мүмкүн