Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери аяктады

Автор

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деп жазды Текебаев.

Белгилей кетсек, туннелге асфалть төшөө иштери 26- июлда башталган. Министрлик 10-августка чейин асфалть төшөө иши болоорун, ал аралыкта 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизиле турганын маалымдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Шабдалынын пайдалары

Шабдалы – жумшак, ширелүү эттүү мөмө, шабдалы дарагынын мөмөсү. Мурда жегенге жарамдуу жемиштер үчүн өстүрүлгөн бардык заманбап түрчөлөр жана сорттор (павия, бруньондор, бал жана башкалар) бир түргө – кадимки шабдалыга таандык болгон. Үлпүлдөк шабдалылар жайдын чыныгы символу болуп саналат жана аларды май айынан сентябрга чейин базардагы күркөлөрдөн тапса болот. Ар […]

Сизге жагышы мүмкүн