Төрага Шакиев баштаган депутаттар Орусияга иш сапары менен кетти

Автор

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 

Кошумчалай кетсек, төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп барды.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат

Баткендин айыл чарбасын өнүктүрүүгө 11 млн доллар жумшалат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка карганда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев АРИС уюмунун эксперти Азамат Мукашевди жана «АгроВей» компаниясынын жетекчиси Кайыркуль Казылаеваны кабыл алган. АРИС Баткен облусун өнүктүрүү максатында Дүйнөлүк Банк […]

Сизге жагышы мүмкүн