Москвада ыдык көргөн дипломаттын маселеси парламентте көтөрүлдү

Автор

Орус милициясы түнү бастырып кирип, үйү тинтүүгө алынган Москвадагы кыргыз дипломатынын маселесин депутат Дастан Бекешев парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү. Ал Жогорку Кеңештин атынан мамлекеттик Думага нааразычылык кат жөнөтүүнү сунуштап, негизинен, башка атуулдарыбыз деле катаал текшерүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты. Өткөн жумада элчинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйү тинтүүгө алынып, орус-кыргыз мамилесине биртоп көлөкө түшкөн. Бул окуя боюнча Кыргызстан нота жиберип, окуяга катышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жазага тартылышын талап кылган. Бирок, орус ички иштер министрлиги андай окуя катталган эмес деген жообун узаткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кароосуз калган айбанаттар үчүн башкалкалоочу жай уюштурулду

Стамбул шаарынын мэри Экрем Имам уулу Бейликдүзү кичи шаарчасында кароосуз калган айбанаттар үчүн башкалкалоочу жай уюштурду. Эми үй жаныбарлары көчөлөрдөн топтолуп, жумшак, жылуу жайга жайгаштырылат. Мэрдин мындай аракети дүйнө коомчулугунун мактоосуна арзыды. Экрем Имам уулу үстүбүздөгү жылдын 31-мартында өткөн жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча шайлоодо атаандашын жеңилүүгө учуратып, экинчи мөөнөткө […]

Сизге жагышы мүмкүн