“Кыргыз шырдагы XIII”: Нарында кооз шырдак  400 миң сомго сатылды

Автор

Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдак 400 миң сомго сатылды. Нарын шаарында өткөн “Кыргыз шырдагы XIII” эл аралык фестивалына коюлган шырдакты Казакстандан келген коноктор сатып алышкан. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эл аралык фестивалга 1 миңден ашуун адам катышкан, алардын ичинде 170и чет элдик туристтер. Андан тышкары, Япония, Өзбекстан, Казакстандын элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишкен.

Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары, көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты.

Бөлүшүү:
Next Post

"Эмгек резерви" борборунун менчиктештирилген жерлери кайтарылат

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигине караштуу “Эмгек резерви” республикалык дене-тарбия жана спорт борборунун абалы мышык ыйлагыдай абалда”‘- деп билдирди  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов. Ал “Эмгек Резерви” борборун сактап калуу максатында билим берүү жана илим министрлигинен, Финансы министрлигинен, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен, Бишкек шаардык […]

Сизге жагышы мүмкүн