Орхан Инанды, агартуучу: “Ак ийилет бирок, сынбайт”

Автор

21 жылга соттолду делген белгилүү агартуучу Анкарадагы Синжан түрмөсүнөн Кыргызстандыктарга салам жолдогон. Ал адилеттүүлүктү издөөгө багытталган күрөш эми башталганын жактоочусу аркылуу билдирген.

“Мен ар дайым Кыргызстанды эстейм. Кыялымда ар күн сайын окуучуларым, алардын ата-энелери, мугалимдер, достор жана тааныштарым менен эле жүрөм. Бул чечим акыркы чечим эмес. Кудай буюрса, актыгымды далилдейм. Элибиз “ак ийилет бирок, сынбайт” дейт. Мен бул керемет сөзгө терең ишенем. Сиздерди, Курман айт майрамы менен кызуу куттуктайм. Ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт каалайм”,- деген ал.

4-июнь күнү Анкара соту аны 21 жылга эркинен ажыраткан чечимин чыгарган.

Бөлүшүү:
Next Post

Желим баштыктарды колдонууга чектөө киргизилет

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «КР аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “КР укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары полимерден жасалган бир жолу […]

Сизге жагышы мүмкүн