Өзгөндө дагы жер көчүп, турак үйдү басып калды

Автор

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү активдешип, бир турак үйдү басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ  жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.

Белгилей кетсек, 22-мартта таңга маал жер көчкү түшүп, Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды.

Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан 2 даана чатыр онотулуп, анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

 Баткен облусунда  бажырайып өрүк гүлдөдү

Дүйнөгө өзүнүн өрүгү менен таанылган Баткенде өрүктөр бажырайып гүлдөдү. Аймакта дээрлик 10 миң гектардан ашык өрүкзар бар.  Жаз көктөмүн ажайып кооздукка бөлөнгөн облустагы ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот. Мында 20дан ашык өрүктүн сорттору бар. Учурда өрүкзарлар аппак гүлүн ачып, айланага көрк берип […]

Сизге жагышы мүмкүн