Ахунбаевге, Исановго жана Суеркуловго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” даражасы ыйгарылды

Автор

Академик, хирург Иса Ахунбаевге, Советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Абды Суеркуловго, мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго  каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

«Академик, хирург Ахунбаев Иса Коноевичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Суеркулов Абды Суеркуловичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин)»,— деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 30-августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.0 сомдон  болсо, сатуу  88.25 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.24 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн