Министр Украинанын бир жыл ичиндеги жоготууларын ачыктады

Автор

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, украин армиясы былтыр 215 миңден ашык адамынан жана 28 миң куралынан ажыраган. Атайын операция учурунда Украинанын акыркы жылдагы жоготуулары тууралуу ал 9-январда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги менен өткөргөн 2024-жылдагы биринчи жыйында билдирди.
Коргоо министрлигинин башчысы орус армиясы эң заманбап курал-жарактар, анын ичинде жасалма интеллект технологияларына жана жаңы физикалык принциптерге негизделген курал-жарактар менен жабдылышын уланта турганын айтты. Мындан тышкары, Шойгу жаңы жылдык майрамдарда эмгектенген аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдаган жаранды кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде В.Р.Г. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган адам Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп […]

Сизге жагышы мүмкүн