Министр ЖРТнын босого балын көтөрүүнү пландап жатат

Автор

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар менен билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кайым айтышуусу болду.   Депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Нурбек Сыдыгалиев жана Айбек  Осмонов ЖРТнын босого балын төмөндөтүү керектигин айтышты эле министр “ЖРТнын балын кайра көтөрөбүз”,- деп кесе жооп берди.

“Балдар өтпөй калып, мигрант болуп кетип жатышат. Ошон үчүн алардын шагын сындырбай балын ылдыйлатып берсеңиздер”,- деди Нурбек Сыдыгалиев. Ага билим берүү министри “ЖРТнын балын көтөрбөсөк билимдин баркын көтөрө албайбыз. Биз кайра балды көтөрөбүз. Кээ бир райондордо 83 пайыз окуучулар 110 баллды ала албайт. Ал эми айрым райондордо 87 пайыз. Бул жалаң экиге окуйт дегенди түшүндүрөт”,- деп жооп берди. Министрдин мындай жообуна депутаттар ызылдай түшүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоганды атаандашы сотко берди

Саясатчынын адвокаты Желал Челик Эрдоганга каршы доо жасалма видеону көрсөткөн деген айыптарга байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Тактап айтканда видео жасалма жана монтаждалгандыктан сотко берүү чечими кабыл алынган. Бул Түркияда тыюу салынган жана террорист деп таанылган Күртстан жумушчу партиясынын лидерлери тарабынан колдоого алынган делген Кылычдароглунун кеңири тараган видеосу. Дооматтын суммасы бир миллион […]

Сизге жагышы мүмкүн