Жогорку Кеңеште Кайнар Камаловдун илимдеги ийгилиги айтылды.

Автор

Кайнар Камаловдун илимдеги ийгилиги айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элдар Абакиров билдирди.
Эл өкүлү “Бизде илимий олимпиадаларга маани берилбей калды. Мына, кесиптешибиз Таалайбек Сарыбашовдун Кайнар Камалов аттуу жээни бар. Ал бир канча жыл мурда Массачусетский Университеттин бакалаврын бүтүргөн. 7 млн долларлык стартап ачкан. Мен билгенден Кыргызстан ичинде эле жүздөгөн програмисттерге жумуш орун ачып берген. Бизде “Парк высоких технологий” деген бар. Былтыркы жылга эле экономикага салымы 100 млн доллар болду. Быйыл 200 млн доллар болот деп жатат. Бул сумма Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортуна барабар. Же, кийим тигүү тармагынын экспортуна тең. Бул жерде иштеген улан – кыздардын баары эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу каптаган жерлерден 97,5 миң адам көчүрүлдү

Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган аймактарында 11-апрелге карата 97 852 адам эвакуацияланды. Анын 32 856сы балдар экенин республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ушул саатка карата убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 7173 адам болсо, анын ичинен 3494ү балдар. 2024-жылы Казакстанда жазгы суу ташкындары боюнча татаал кырдаал […]

Сизге жагышы мүмкүн